Таш-Көмүр: "Кристалл" заводундагы уулуу заттарды жок кылууга 92 млн. сом бөлүндү

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводунда жайгашкан уулуу заттарды утилдештирүүгө 92 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинде белгиленген.
Документке ылайык, ӨКМ тазалоо иштеринин 1-этабын 2026-жылы, 2-этабын 2027-жылы жүргүзөт.
“Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан уулуу, өмүргө коркунуч туудурган химиялык заттарды чыгаруу, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү зарыл. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында 91 миллион 958 миң 918 сом бөлүнсүн”, — деп айтылат документте.
Белгилей кетсек, заводдун аймагында 80 тоннага чукул зыяндуу химиялык, уулуу заттар сакталган. https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/23494 Буга чейин химиялык утилдештирүү үчүн 172 миллион рубль, сыртка ташып чыгууга 300 миллион рублден ашык акча керектелери айтылып, Росатом менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.
Көлдүн тебеленди болгон аймактарына кам көрүү аракети жүрүп жатат