БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Улуттук банк коммерциялык банктарга коюлган талаптарды катаалдаштырууну пландап жатканын кабарлады.
Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул кадамы менен банк секторунун туруктуулугун жогорулатып, ишенимдүүлүгүн күчөтүүнү көздөөдө. Сунушка ылайык, банктардын уставдык капиталынын минималдуу көлөмү жогорулатылат:
жаңы ачылган банктар үчүн талап 1 миллиард сомдон 5 миллиардга көтөрүлөт;
системалык мааниге ээ банктар үчүн капитал 2 миллиард сомдон 8 миллиардга жогорулайт;
калган банктар үчүн уставдык капиталды 2030-жылга чейин этап-этабы менен 5 миллиард сомго жеткирүү сунушталууда. Азыркы талап — 800 миллион сом.
"Бул чаралар банктардын каржылык туруктуулугун бекемдеп, көбүрөөк насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жаңы инвесторлорду тартып, депозиттер боюнча төлөмдөрдүн кечеңдөөсүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтат", — деп белгиледи Улуттук банк.