БИШКЕК, 10-дек.— Sputnik. Аба ырайынын катаалдашынан улам Түп районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында президенттин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтышты. Жолдорду тазалоо, коммуналдык жана энергетикалык системалардын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, кооптуу тилкелерди дыкат байкоого алуу жана калкты ыкчам кабардар кылуу иштери жүрүүдө.
Бардык ыкчам органдар жогорку даярдыкка өткөрүлүп, зарыл учурда калкка тез жардам көрсөтүүгө даяр дешти. Медициналык кызматтар калкка зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн күчөтүлгөн даярдыкта турганы кабарланды. Абал райондук администрациянын жана жарандык коргонуу кызматтарынын тыкыр көзөмөлүндө экени айтылды.