РФ ТИМи: Россия биргелешкен, бирдей шарттагы принциптердин саясатын карманат

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Биз бардыгы үчүн коопсуздук бирдей шартта болсун дейбиз, бирок НАТОнун айрым өлкөлөрү менен аны теңдештирип камсыздоо азыр мүмкүн эмес, анткени алар биздин коопсуздукту эске албай жатат. Мындай пикирди Евразия коопсуздугу жана санкция алдындагы өлкөлөр менен өз ара кызматташуу маселелерин көзөмөлдөгөн РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Александр Трофимов айтканын РИА Новости жазды.
"Биз биргелешкен жана бирдей шарттагы принциптердин саясатын туу тутабыз. Бирок азыркы учурларда НАТОнун айрым өлкөлөрү менен мындай коопсуздукту өз ара камсыздоонун жолун көрбөй жатабыз. Ошентсе да биз эч качан байланыштан качкан эмеспиз жана каршы тарап конструктивдүү мамиле менен чыкса, диалогго даярбыз", — деди Трофимов "Валдай" эл аралык талкуу клубунун конференциясында.
Ал, мындан тышкары, НАТО өлкөлөрү кошумча олуттуу коркунучтарды жаратып, мунасага келбей, диалогго барбай жатканын белгиледи. Ошондой эле кырдаалды чыңалтып жиберчүдөй багытты карманып турганын кошумчалады.
"Айрым европалыктар Европанын коопсуздугун НАТОго таянган система катары көрөрүн жашырышпайт. Башкача айтканда, Россия үчүн буга чейин эле касташкан блок жана артында океандын ары жагындагы күч — АКШ турат. Себеби АКШ да, Канада да альянска мүчө. Ошондуктан алар азыр да евроатлантикалык түзүмдөгү Европанын коопсуздугу АКШнын катышуусу менен, Россиясыз жана ага каршы түптөлүшү керек деп айтып келишет", — деп баса белгиледи Россия ТИМинин элчиси.
Анын айтымында, мындай шартта европалык жаңы коопсуздук системасын түзүү маселесинин Россия үчүн практикалык мааниси жок жана ал тема эми көбүрөөк Евразия коопсуздугун талкуулоо жагына ооп кеткен.
"Биз азыр ар кандай себептерден улам Евразия коопсуздугу жөнүндө айтып жатабыз. Бул процесске европалык өлкөлөрдүн да кошулушуна мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз. Негизи ал Евразиянын батыш бөлүгү болуп эсептелет", — деген Трофимов.
Коопсуздукту чыңдоо. ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын билдирүүсүнөн тезис