БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Европанын азыркы миграциялык жана энергетикалык саясаты аны кыйратышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Аларга бекер кеңеш берейин. Эгер сак болушпаса иммиграция менен энергетика Европаны талкалайт”, — деди Трамп.
АКШ президенти Европанын миграциялык саясатын биринчи жолу сындап жаткан жок. Буга чейин ал массалык миграция Париж менен Лондонду кандай өзгөрткөнүн айтып, терс пикирин билдирген.
Андан мурун Мамлекеттик департамент массалык миграция Батыш цивилизациясына коркунуч жаратып, АКШнын негизги союздаштарынын туруктуулугуна доо кетире турганын билдирген.