БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп айдын аягына чейин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча макулдашуу түзүлөт деген үмүттө. Бул тууралуу Financial Times өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды.
"Трамп Рождествого чейин келишим түзүлөт деп ишенүүдө", — деп айтылат макалада.
Басылманын жазганына караганда, Киев режиминин жетекчиси европалык өнөктөштөрүнө Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер аны тезирээк чечим кабыл алууга көндүргөнүн айтып берген.
"Трамптын өкүлдөрү Зеленскийге тынчтык планы боюнча чечим кабыл алуу үчүн бир нече күн берген. Ага ылайык, Украина АКШнын тактала элек коопсуздук кепилдиктерине макул болуп, ордуна аймактардан баш тартышы керек", — деп жазган гезит.
Маалыматта Зеленский "биримдикке доо кетирип албаш үчүн" европалык өнөктөштөр менен кеңешүүгө убакыт сураганы айтылат. Ошону менен бирге ал Евробиримдик АКШнын жаалынан коркуп Россиянын тоңдурулган каражатынын эсебинен насыя берүүдөн баш тартып коюшунан чочулап турганы белгиленген.
Гезитке маалымат бергендердин айтымында, Украина эки оттун ортосунда калды.