ТИМ Камбоджа менен Таиланддагы кыргызстандыктарга эскертүү берди

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына эки өлкөнүн жаңжал чыккан аймактарына баруудан баш тартуу сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомство ошондой эле Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону эскертти.

“Жергиликтүү бийлик менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдат көңүл бурууну суранабыз”, — деди ТИМ.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргызстандын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы элчиликке +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же Тышкы иштер министрлигинин ыкчам байланыш номерине +996 999 312002 (WhatsApp) кайрыла алышат.
Таиланд менен Камбоджанын чек арасында аскердик кагылышуу жүрүп жатат