БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Россия быйылкы жыл ичинде Кыргызстандын түштүк облустарына 2 628 тонна ун жана 121 тонна май жеткирди. Бул тууралуу Россиянын Оштогу Башкы консулдугу кабарлады.
9-декабрда гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы тапшырылды. Анда Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 877 тонна байытылган буудай унун берген.
Иш-чарага Россиянын башкы консулу Роман Свистин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директорунун орун басары Сокджин Хан катышты. Гуманитардык жардам республиканын түштүк аймактарындагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Эскерте кетсек, август айында Кыргызстандын түштүк аймактары үчүн 16 вагон байытылган буудай уну, ошондой эле өсүмдүк майы келген. Октябрь айында Россиядан 121,4 миң тонна өсүмдүк майы түрүндө азык-түлүк жардамы жеткирилген.