БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Бишкек шаарын реновациялоо программасы даяр, ал Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна киргизилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн брифингде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Ал 1960-1970-жылдары курулган үйлөрдү бузуп, ордуна жаңыларын куруу зарыл экенин белгилеген.
Курулуш министрлигинин жетекчиси реновация программасынын башкы максаты жарандардын укугун коргоо экенин эске салып, документте компенсация төлөө жана башка шарттар каралганын белгиледи.