Путин Индонезия президенти менен кызматташууну талкуулады. Маанилүү учурлар

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) менен Индонезиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Бул туурасында РФ лидери Индонезиянын президенти Прабово Субианто менен жолукканда айтканын РИА Новости жазды.
Субианто эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын түзүлгөндүгүнө 75 жыл толуп, анын белгилегендиктерин эске салды.
"Индонезиянын БРИКСке толук кандуу мүчө болушу абдан кубандырат. Ошондой эле ЕАЭБ менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Путин.
Муну менен катар эле Россия-Индонезия кызматташуусун өнүкүтүрүү боюнча олуттуу пландар бардыгын кошумчалады.
Эки тараптын кызматташуусу боюнча айтылгандардын урунттуу жерлери:
Москва Индонезияда атом энергетикасын өнүктүрүү иштерине катышууга даяр;
Индонезияга буудай жеткирүү маселеси талкууланмакчы;
Аскер-техникалык кызматташтык жаатындагы мамилелер ишенимдүү деңгээлде. Россия менен Индонезиянын коргоону ведомстволорунун ортосунда кесипкөй деңгээлдеги жемиштүү өз ара кызматташуу жүрүүдө;
Россия Индонезиянын үчүн адистерди даярдоо жаатында өзүнүн аскердик окуу жайлары аркылуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр.
Путин: россиялык жана индиялык бизнес демилгелер Москванын колдоосуна ээ болот