Орунтаев: МИК үйлөрүнүн сапатынан күмөн санабаш керек

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн сапатына күмөн санабаш керек. Алар мыкты технология менен курулган жана жер титирөөгө туруктуу. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев брифингде билдирди.
Ал ипотекалык үйлөрдүн курулушун министрлик менен техникалык көзөмөлдүн адистери карап жатканын белгиледи.

“Үйлөр сапаттуу, ишенимдүү технология катары эсептелген каркас же туннель ыкмасы менен курулуп жатат. Анда кирпич тосмо катары гана колдонулбаса дээрлик каралган эмес”, — деди Орунтаев.

Ал курулуш иштери президенттин көзөмөлүндө турганын белгиледи.
"Бир аз чыдап койсок муктаж болгондордун баары ипотекалык үйлөрдөн батир ала алышат", — деди ал.
Пресс-борбор
МИК: Бишкекте 40 кабаттуу үйлөр сейсмикалык талаптарга ылайык курулат