Илон Маск Еврокомиссияны таркатууга чакырып, жүйөсүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Еврокомиссияны таркатып, анын ордуна шайлануучу орган түзүүгө чакырды. Буга Евробиримдиктеги азыркы система "бюрократиянын бийлиги" болуп калганы себеп экенин белгилеген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маск Еврокомиссияны "Евробиримдикти ичинен жеп жаткан залалдуу шишик" деп атап, бул органды жоюуга чакырды. Анын айтымында, ЕКте 32 миң кызматкер иштейт. Алар "эч ким макул болбогон" мыйзамдарды жаратуу менен алек. Буга байланыштуу Маск европалык жарандарды өз өлкөлөрүндө Европа биримдигине реалдуу кысым көрсөтүп, реформаларды жүргүзүүгө түрткү бере ала турган партияларга добуш берүүгө чакырды.
“Еврокомиссия жоюлуп, анын ордуна шайлоо аркылуу келген орган түзүлүшү керек. Ал эми ЕБдин башчысы түз шайланышы зарыл. Азыркы система — демократия эмес, бюрократиянын бийлиги”, - деди ал.
2024-жылдын ноябрь айында Маск Европа комиссиясынын курамын түзүү боюнча азыркы процедураны демократиядан алыс деп мүнөздөп, Европа парламентинин депутаттары Европа комиссиясындагы кызматтарга талапкерлерди түздөн-түз тандашы керектигин билдирген.
Масктын долбоору Батышка Украинанын чыныгы жүзүн көрсөттү