БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама командага Роберт Просинечки башкы машыктыруучу болуп дайындалганын Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Келишимдин шартына ылайык ал 1,1 жыл иштейт. Эгерде курама команда 2026-жылкы Азия кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу үч жылга узартылат.
Роберт Просинечки — футбол дүйнөсүндө кеңири таанымал адис. Ал Хорватиянын, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Түркия жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Өзү убагында "Реал Мадрид", "Барселона" сыяктуу атактуу клубдардын негизги оюнчусу болгон.
Улуттук команданын мурунку башкы машыктыруучусу Максим Лисицын июнда келишимдин мөөнөтү бүтүп кызматынан кеткен.