Этти тез тоңдуруучу алгачкы комплекс Байтикте курулмай болду

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Кыргызстанда этти тез тоңдуруучу алгачкы агроөнөр жай комплекси курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Аламүдүн районунун Байтик айылында бүгүн курулушка капсула салынды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.
Комплекс "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы менен түштүк кореялык DOD Company ортосундагы инвестициялык келишимдин негизинде курулууда. Долбоорго 12 миллион доллар инвестиция салынат.
Жаңы комплексте эттин түзүмүн сактоого, кошумча заттарсыз узак мөөнөткө сактоого, салмагын, нымдуулугун жана түсүн жоготууга жол бербөөгө шарт түзүлөт. Эт -35 градуста тоңдурулат.
Төрөбаев долбоор ишке кирсе фермерлер үчүн жаңы рынокторго жол ачылып, экспорттук мүмкүнчүлүк өсө турганын белгиледи.
"Комплекс кыргыз эт азыктарын дүйнөлүк деңгээлге чыгарууда маанилүү кадам болот", - деп белгиледи министр.
Кыргызстанда гипсокартон чыгарган ири завод ачылды. Сүрөт