ЕЭК министри ЕАЭБдегилер Индия менен Индонезиядан эмне сатып аларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Индия менен Индонезиядан импорттой турган товарлардын тизмесин кеңейте алат. Бул тууралуу ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв билдирди.
Аткаминер бул өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү боюнча келишимдерге кол коюу пландалып жатканын белгиледи.
Слепнёвдун айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү жемиштерди, жаңгактарды көбүрөөк сатып алат, аны менен катар эле өнөр жай товарларын импорттосо болот.
"Биз бул өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен активдүү иштөөгө даярбыз, анткени импортубуздун айрым топтомдору боюнча тең салмактуулугу жок диверсификациялоого кызыкдарбыз", — деди ал Sputnik Кыргызстандын журналистинин суроосуна жооп берип жатып.
ЕАЭБдегилер Россиянын кайсы азыктарын көп алат. Инфографика