БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Бишкектеги башкы балатыны жасалгалоого бюджеттен акча коробойт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, иштин баары өнөктөштөрдүн колдоосу менен жасалууда. Алар коммуналдык кызматтардын төлөмүн да өздөрү көтөрүп жатат.
“Былтыркы чыгым 26 миллион сомду түзгөн. Быйыл андан көбүрөөк болот. Себеби инвентарь жаңыртылып, башкы аянтка чоң муз аянтчасы курулат. “Бишкек жарык” эски гирляндалардын ордуна 1 миллион сомго жаңысын алды”, — деди мэрия.
Андан тышкары, башкы балатыны жандыруу жана жаңы жыл түнүндөгү маданий иш-чарага 5 миллион сом каралганы айтылды.