БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз айрым аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 1…6, Ош менен Жалал-Абадда 5…10, Баткен аймагында 4…9, Ысык-Көл өрөөнүндө -1...-6, Нарында -6…-11 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада 4…6, Ош шаарында 8…10 гардуска чейин жылуу болот.