Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 97 жашка чыкмак. Жазуучуну жоготкон 17 жыл аралыгында ла тууралуу кандай гана сөздөр айтылбады, эмне гана деген ой толгоолор жазылбады. ошентсе да биз али күнгө чейин "Айтматовдун феномени эмнеде" деген суроого жооп таба электейбиз. Бул жаатта ар ким өз ой чабытына жараша пикир улап келет.
Биз да бүгүнкү "Кеменгер" уктуруусунда кыргыздын дагы бир белгилүү жазуучусу, учурда Жазуучулар союзун жетектеп турган коомдук жана саясий ишмер Каныбек Иманалиевди кепке тарттык. Айтматов тууралуу ары кызыктуу, ары терең ой жүгүрткөн адамдардын бирикатары Иманалиев биздин угармандар менен жазуучуну эскерди.