Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн сапатына күмөн санабаш керек. Алар мыкты технология менен курулган жана жер титирөөгө туруктуу. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев брифингде билдирди. Ал ипотекалык үйлөрдүн курулушун министрлик менен техникалык көзөмөлдүн адистери карап жатканын белгиледи. “Үйлөр сапаттуу, ишенимдүү технология катары эсептелген каркас же туннель ыкмасы менен курулуп жатат. Анда кирпич тосмо катары гана колдонулбаса дээрлик каралган эмес”, — деди Орунтаев. Ал курулуш иштери президенттин көзөмөлүндө турганын белгиледи.
Россия быйылкы жыл ичинде Кыргызстандын түштүк облустарына 2 628 тонна ун жана 121 тонна май жеткирди. Бул тууралуу Россиянын Оштогу Башкы консулдугу кабарлады. 9-декабрда гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы тапшырылды. Анда Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу 877 тонна байытылган буудай унун берген. Иш-чарага Россиянын башкы консулу Роман Свистин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директорунун орун басары Сокджин Хан катышты. Гуманитардык жардам республиканын түштүк аймактарындагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Эскерте кетсек, август айында Кыргызстандын түштүк аймактары үчүн 16 вагон байытылган буудай уну, ошондой эле өсүмдүк майы келген. Октябрь айында Россиядан 121,4 миң тонна өсүмдүк майы түрүндө азык-түлүк жардамы жеткирилген.
Футбол боюнча улуттук курама командага Роберт Просинечки башкы машыктыруучу болуп дайындалганын Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Келишимдин шартына ылайык ал 1,1 жыл иштейт. Эгерде курама команда 2026-жылкы Азия кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу үч жылга узартылат. Роберт Просинечки — футбол дүйнөсүндө кеңири таанымал адис. Ал Хорватиянын, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Түркия жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Өзү убагында "Реал Мадрид", "Барселона" сыяктуу атактуу клубдардын негизги оюнчусу болгон. Улуттук команданын мурунку башкы машыктыруучусу Максим Лисицын июнда келишимдин мөөнөтү бүтүп кызматынан кеткен.
Европа Владимир Зеленскийди акыркы украиналык калгыча Россия менен тирешүүгө шыкактап жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Федерация кеңешиндеги "өкмөттүк саатта" билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, европалыктарга бул үчүн көп акча керек, ошондон улам алар Россияны талап-тоноого аракет кылышууда. "Европа украин жетекчисин, анын айланасындагыларды акыркы украиналык калгыча согушту улантууга түртүп жатат. Анткен менен азыр каражат тартыш болгондуктан, эл аралык нормаларды бузуу менен Россияны карактоодон башка айласы калган жок. Бул согушту каржылоого акча ала турган жери калбай калды", — деди Лавров.Министр Украинадагы абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу процессине да дал ушул Европа жолтоо болуп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Россиянын Европа менен согушуу ниети жок экенин кошумчалады.