Бишкек шаарында “Жаш талант” аттуу фестиваль-кароо сынагы алгач ирет өткөрүлүп, ага 16 мектептен 560тан ашык окуучу катышат. Иш-чаранын негизги максаты жаш таланттарды таанып-билүү, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана активдүүлүгүн арттыруу. Фестиваль музыка, театр, поэзия жана бий жаатындагы жөндөмдөрдү коомчулукка көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Иш-чара Манас айтуу, көркөм окуу, вокал, хор,жеке жана жамааттык бий, монолог жана сценка аткаруу номинациялары боюнча өтөт. Фестивалды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар демилгелерин колдоо программасынын алкагында жеңип алган билим берүү уюму уюштурууда.
Бул тууралуу “Агартуу Лигасы” билим берүү уюмунун жетекчиси Данияр Бекишов кеп кылды.