Эки жумада 2709 кайрылуу түшкөн – Эми айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырса болот

Sputnik
Айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жаңы күбөлүк 2–3 иш күн ичинде даяр болот. Документти алууга келгенде эски айдоочулук күбөлүктү тапшыруу милдеттүү болору кабарланды. Жаңы өзгөрүүлөр тууралуу Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун айдоочулук курамды катоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Сейталиев айтып берди.