Түшүмдүүлүк 20 пайызга жогорулайт - Өкмөт күзгү дан айдоону колго алууда

Sputnik
“Жаздын камын күздө көр” деген кеп быйыл өзгөчө мааниге ээ болуп турат. Кыргызстан 2026-жылкы түшүм үчүн даярдыкты эрте баштап, Министрлер Кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган жаңы токтом кабыл алды. Документ күздүк дан эгиндерин себүүдөн тартып, сугат маселеси, үрөндүн сапатын жакшыртуу жана дыйкандарды арзан күйүүчү май менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар маанилүү чараларды камтыйт. Бүгүнкү берүүдө күздүк дан эгиндерин себүүнү уюштуруу иштери тууралуу сүйлөштүк.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов жооп берди.