БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, жогорку баасын берди. Бул тууралуу ЖККУнун баш катчысынын орун басары Валерий Семериков билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видео көпүрөгө катышкан.
Талкуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин биргелешкен жыйынынын (27-ноябрь Бишкек) жана уюмдун Парламенттик ассамблеясынын Москвада 8-декабрда өткөн 18-пленардык жыйынынын жыйынтыгы менен жүрдү.
Семериковдун айтымында, Кеңештин төрагасы — Кыргызстандын президенти тарабынан белгиленген милдеттердин баары аткарылган. ЖККУнун коопсуздук системасын өнүктүрүү стратегиясы каралып чыгып, анын толук кандуу ишке ашуусу үчүн кошумча чараларды көрүү чечими кабыл алынган.
Семериков аскердик даярдыкты чыңдоого жана жамааттык күчтөрдүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган бир катар документке кол коюлганын белгиледи. 2026-2030-жылга карата жамааттык күчтөрдүн санын өстүрүү жана бекемдөө планы бекитилди, анын ичинде уюмга мүчө мамлекеттерди курал жана техниканын акыркы үлгүлөрү менен камсыздоо, башкаруу системасын жакшыртуу камтылган.
Мындан тышкары, учурдун чакырыктарына каршы туруу маселелери талкууланды. Коргоо жана тышкы иштер министрлери менен коопсуздук комитеттеринин жетекчилеринин жыйынында 2026-2030-жылга карата баңгизатка каршы стратегия жактырылган.