Россия: Ата Мекенди коргоочулар күнүнө себепкер ордендин 2,5 кылымдык таржымалы

1769-жылдын 9-декабрында Россия империясында Ыйык Георгий ордени каныша Екатерина IIнин жарлыгы менен негизделген.
Sputnik
Анын төрт даражасы болгон. Эң жогорку дегендери генералдарга, генерал-фельдмаршалдарга гана тапшырыла турган. Бир ирет гана ал орус флотунун адмиралы Василий Чичаговго ыйгарылган.
Сыйлык аялдардын ичинен алгачкы жолу Екатерина IIнин өзүнө тапшырылган.
Экинчи ээси Эки Сицилиянын канышасы Мария София Баварская болгон. 1860–1861-жылдары Гаэта чебинин курчоодогу каармандыгы Александр IIни абдан таасирленткендиктен, ал Мария Софияга ордендин IV даражасын ыйгарган.
Үчүнчү ээси — ырайымдуу медайым Ивановага салгылаштарда көрсөткөн эрдиги үчүн Ыйык Георгий орденинин IV даражасы өлгөндөн кийин берилген. Ал болгону 21 жашта эле.