БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Европа тынчтык орнотуу аракетин бөгөттөп, ага Россияны күнөөлүү кылып көрсөтүү аракетинде, ушул себептен АКШнын Украина боюнча планын бурмалоону көздөп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМинин киев режиминин кылмышы боюнча элчиси Родион Мирошник "Известия" басылмасына берген маегинде айтты.
"Америкалыктардын планы колдонууга негиз болуп бере алат, аны Россиянын сунуштарына ылайыкташтырууга мүмкүн болот. Же таптакыр кабыл алынбайт. Европа мына ушул жагдайдан пайдаланып, тынчтык орнотуу аракетинин ишке ашпай калышына Россияны айыптоо ниетинде", — деди Мирошник.
Анын айтымында, Украинада тынчтык орношун каалабагандардын башында европалыктар менен Киев өзү турат.
Буга чейин АКШ тарабынан Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча план иштелип чыкканы кабарланган.
Россия президенти Владимир Путин 2-декабрда АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди Кремлде кабыл алган. Сапар АКШнын Украина боюнча планын талкуулоо менен байланыштуу экени айтылган болчу. РФ лидери америка тарап 27 пунктуну төрт пакетке бөлүп, ар бирин өзүнчө кароону сунуштаганын билдирген.
Кремль АКШ иштеп чыккан план Анкоридждеги президенттердин сүйлөшүүсүнүн негизинде түзүлгөнүн белгилеп, Москва талкууга ачык экенин кошумчалаган.
Ал эми 21-ноябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Путин Вашингтондун планы абалды жөнгө салууга негиз болуп бериши мүмкүн экенин айткан, бирок Москва менен сунуштун аки-чүкүсү талкуулана электигине токтолгон. РФ лидеринин божомолунда бул АКШнын Киевди макул кылдыра албай жатканы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени Украина да, анын европалык өнөктөштөрү да Россияга "стратегиялык сокку уруу" кыялы менен жашап келишет. Путиндин айтымында, мындай позиция алардын согуш талаасындагы чыныгы абалдан кабары жоктугун ачыктап турат.