Сасык тумоо менен ооругандардын арбыганы кадыресе эле көрүнүш экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Сасык тумоо менен ооругандар көп болуп жатканы — кадимки мезгилдик көрүнүш. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Жугуштуу ооруларды алдын алуу башкармалыгынын жетекчиси Динагүл Оторбаева айтты.

"Сасык тумоо менен ооруган 42,5 миң учур катталды. Тумоологондордун 70 пайызы — 14 жашка чейинки балдар. Грипп жана КРВИ — мезгилдик илдет", — деди адис.

Учурда социалдык тармактан элдин гонконг гриби менен ооруп жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда.
"Кыргызстандыктар интернеттен гонконг гриби тууралуу окуп жатышат, бирок андай түшүнүк жок. Бул типтеги грипп 1967-жылы болгон, анан бери жарым кылымга чукулдады. Эми ал эми мезгилдик өңүткө өттү", — деди Оторбаева.
Адис алдын алуу иштерин жалгыз эле министрлик жүргүзбөстөн, негизинен ар тараптуу чаралар зарыл экендигин кошумчалады.
Сасык тумоодон улам өлкөдө 65 бакча жабылып, 5 мектеп онлайн окууга өттү