БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россия Жамааттык коопсуздук келишими уюмун чыңдоо үчүн болгон аракетин көрөт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кремлде уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагаларын кабыл алып жатып билдирди.
“ЖККУ төрагалыгы Россияга өттү. Биз кыргызстандык кесиптештерибиздин ишин улантабыз”, — деди Путин.
Өлкө президенти уюмдун коргонуусуна басым жасалып, аскер тармагында жана аскердик-техникалык жаатта кызматташууну бекемдөө артыкчылыктуу багыт болорун белгиледи.
Жыйынга Россия, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын парламент төрагалары катышууда.