Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалыкты эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Геосаясий абал татаал кезде ири чемимдер кабыл алынганын Токтогул Какчекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖККУ кибер кылмыштуулук менен биргелешип күрөшүп гана оң натыйжага жетет.
"Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалыкты эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Дүйнөдө геосаясий абал тынч эмес кезде ири чечимдер сунушталып, көп маанилүү документтер кабыл алынды. Ага президент Садыр Жапаров жетекчилик кылып, милдетин так аткарды. Мындай шартта бул абдан чоң иш. Мисалы, учурда киберкылмыштуулук күч алып турганда уюмдун бул багыттагы иши абдан маанилүү. Анткени кылмыштуулук менен биргелешип күрөшүп гана оң натыйжага жете алабыз. Эл аралык террорчулукка, экстремизмге, уюшкан транс чек аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө чоң уюмга айланып, жаңы технологияларды киргизүүдө алдыда", — деди Какчекеев.
Ошондой эле ал Россиянын ЖККУ күчтөрүн заманбап курал-жарагы менен жабдуу боюнча сунушу да жакшы белги экенин кошумчалады.