Кыргызстан туризм боюнча сынактан 1-орунду алды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстан туризм тармагындагы Russian Traveler Awards сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстан "Чет элдик багыт" номинациясы боюнча биринчи орунду алган. Сынакка чет мамлекеттерден жалпы жонунан 560 арыз түшкөн.
“22 номинация боюнча добуш берүүгө бир миллиондон ашык адам катышкан. “Чет элдик багыт” номинациясында Кыргызстандан тышкары, Беларусь, Түштүк Корея, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, Армения, Оман, Дубай жана башка мамлекеттер ат салышты”, — деп айтылат маалыматта.
Москвадагы сыйлык тапшыруу аземинде элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын туристтик жагымдуулугу жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.
“Өлкөдө туристтик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жана туристтик кызматтарды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө тоо лыжа кластерин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып жатат. Кышкы эс алуунун түрлөрүн жайылтууга багытталган бир катар масштабдуу долбоорлор ишке ашырыла баштады. Мисалга, кышы-жайы иштеген дүйнөлүк деңгээлдеги “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасынын курулушун айтсак болот”, — деди элчи.
Ал ошондой эле катышуучуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.
Кышкы туризм үчүн Алматы менен Караколду байланыштырган авиакаттам жанданат