Кыргызстан Азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыкдар

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжанга болгон жумушчу сапарында кыргыз тарап азербайжан спутниктеринин мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып, кызматташууга ынтызарлыгын билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-жыйыны өткөнүн кабарлады. Кыргыз делегациясын Төрөбаев, ал эми Азербайжандын делегациясын аталган өлкөнүн премьер-министринин орун басары Самир Шарифов жетектеген.
Төрөбаев "Азеркосмос" агенттигине барып, андагы иштерди көрүп, спутниктердин байланыш, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, айыл чарба мониторинги, айлана-чөйрөнү көзөмөлдөп колдонулушуна кызыкдар экендигин айткан.
Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистика, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүнү белгилешкен.
Ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү, айыл чарба жана өнөр жай продукциясын түз жеткирүүлөрдү кеңейтүү боюнча макулдашуу болгон. Биргелешкен долбоорлорду колдоонун негизги финансылык инструменти катары Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун негизги ролу айтылды.
Жапаров Габаладагы саммитте түрк тилдүү өлкөлөрдү Көчмөндөр оюнуна чакырды