БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстан "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" брендин өзүнө таандык кылып бекитти. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын товардык белгисин мамлекеттин менчигине өткөрүү аземине минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Буга чейин бул укук оюндардын негиздөөчүсү Асхат Акибаевге таандык болуп келген. Өкмөт башчы анын эмгегин баалап, ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч ирет (2014, 2016, 2018), андан кийин Түркия (2022) жана Казакстанда (2024) өткөн. 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда болот.