Ташиев: беш жылда коррупция менен күрөштөн 300 млрд. сомдон ашык актив алынды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөштөн беш жыл аралыгында бюджетке 300 миллион сомдон ашык актив алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттын ичинде акча, мал-мүлк, миңдеген завод-фабрика, жер тилкелери жана башкалар бар.
"2025-жылдын январь айында жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, эми коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкер түрмөдөн кутула албайт. Мындан тышкары, анын мамлекеттик кызматта иштеген жакындары, башкача айтканда, бала-чакасы, аялы же күйөөсү ишинен алынат", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы союз кулагандан кийинки менчиктештирүү учурунда мамлекет таланып-тонолгонун, бул 2020-жылга чейин уланып келгенине токтолуп, азыркы коррупцияга каршы күрөш бүтүндөй бир доордун катмары менен күрөш экенин кошумчалады.
Маморгандарга коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы кирет