Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ аймактардан баш тарттыруу үчүн Зеленскийге кысым көрсөтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. АКШ аймактардан баш тарттырып жана бир катар талаптарга макулдатуу үчүн Владимир Зеленскийге кысым көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Axios Украинадан алынган маалыматтарга таянып жазды.
Кабарда америкалык президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер 6-декабрь күнкү телефон аркылуу болгон сүйлөшүүдө эле Зеленскийдин макулдугун алууга аракет кылышканы айтылат. Украиналык аткаминердин берген маалыматына караганда АКШ Зеленскийди Донбассты толугу менен Россияга берүүгө көндүрмөк болгон.
Россия президенти Владимир Путин буга чейин Уиткофф менен Кушнерди Кремлде кабыл алган. Сапар АКШнын Украина боюнча планын талкуулоо менен байланыштуу экени айтылган болчу. РФ лидери америка тарап 27 пунктуну төрт пакетке бөлүп, ар бирин өзүнчө кароону сунуштаганын билдирген.
Кремль АКШ иштеп чыккан план Анкоридждеги президенттердин сүйлөшүүсүнүн негизинде түзүлгөнүн белгилеп, Москва талкууга ачык экенин кошумчалаган.
Путин 21-ноябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Вашингтондун планы абалды жөнгө салууга негиз болуп бериши мүмкүн экенин айткан, бирок Москва менен сунуштун аки-чүкүсү талкуулана электигине токтолгон. РФ лидеринин божомолунда бул АКШнын Киевди макул кылдыра албай жатканы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени Украина да, анын европалык өнөктөштөрү да Россияга "стратегиялык сокку уруу" кыялы менен жашап келишет. Путиндин айтымында, мындай позиция алардын согуш талаасындагы чыныгы абалдан кабары жоктугун ачыктап турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Аймактардан баш тартышы керек". Германияда Зеленскийге чакырык ташталды