Одоно мыйзам бузулганы үчүн 263 менчик клиниканын иши токтоду

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги мыйзам бузулган фактылар аныкталгандан кийин 263 жеке клиниканын иши токтотулганын кабарлады.
Маалыматта өлкө аймагындагы менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдардын баарына (541) текшерүү жүргөнү айтылат. Анын 246сы тийиштүү лицензиясы жок эле иштеп жүргөн. Ал эми уруксаты бар 295 жайдын 110унда ар кандай эрежелердин бузулганы катталды.
"Мында лицензияда каралбаган медициналык кызматтарды көрсөтүү, кызматкерлердин тийиштүү билиминин, сертификатынын жоктугу, медициналык билими жок тараптарды ишке тартуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды колдонуу, сактоо сыяктуу нормалардын бузулганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам бузулган бардык фактылар боюнча административдик чара көрүлүп, салынган айыптын жалпы суммасы 20 миллион 740 миң сомду түзгөн. Иши токтотулган 263 клиникадан тышкары 246 клиника боюнча материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министрлиги элди лицензиясы, мыйзамдуу уруксаты бар медициналык уюмдарга гана кайрылууга чакырды.
Кыргызстанда медик студенттерди донордук органдар менен окутуу сунушталды