Эфирде Кыргызстандагы ВИЧ/СПИД боюнча эпидемиологиялык кырдаал, оорунун жайылуу тенденциялары жана тобокел тобундагы калк катмарлары тууралуу сөз болду. Адис акыркы жылдары катталган учурлар, жугуу жолдорунун түзүмү, ошондой эле шаарлар менен аймактардагы абал бирдей эместигине токтолду. Ошону менен катар, мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-чаралары, ВИЧти эрте аныктоо үчүн тестирлөөнүн жеткиликтүүлүгү, дарылоо жана байкоо системасы тууралуу маалымат берилди.
Эфирде калктын маалымдуулугун жогорулатуу, стигма жана дискриминация менен күрөшүү, ошондой эле жарандарды өз учурунда медициналык жардамга кайрылууга үндөө маселелери өзгөчө белгиленди. СПИДге байланышкан суроолорубузган Гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун мониторинг бөлүмүнүн башчысы Айбек Бекболотов кенен жооп берди.