“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу — өлкөнүн өнүгүү багытын аныктап, коомду бириктирүүгө жана улуттук баалуулуктарды жаңы шарттарда чыңдоого ниеттенген идеологиялык документ. Мамлекеттик идеологиядагы улуттук баалуулуктар, анын орду тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Сараллаев ой бөлүштү.