10-декабрга карата аба ырайы

10-декабрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Шаршембиде республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -4…-9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градуска жетет.
Ал эми Бишкекте 0…-2, Ош шаарында 4…6 градус болот.
Тоолордо -33 градуска чейин суук болот. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу