БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн Москвада ЖККУнун парламенттик XVIII ассамблеясы өтүп, тынчтыкты сактоо, эл аралык коопсуздук жана туруктуулук системасын чыңдоо багытында кызматташууну күчөтүүгө басым жасалып, акырында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Отурумду РФ Мамлекеттик Думасынын жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Вячеслав Володин алып барды.
Анда эл аралык террорчулукка, экстремизмге, уюшкан трансчегаралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чакырык ташталды.
Баңгизаттардын жана курал-жарактардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, киберкылмыштуулук бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйү экени айтылып, ага биргелешип каршы күрөшүүнү баса белгилешти.
Төмөндөгү биргелешкен билдирүүнүн урунтуу жерлерин алып беребиз:
Биз мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарын өз ара эске алуу менен, жакшы коңшулук жана тынч кошо жашоо саясатын илгерилетүүгө берилгендигибизди жана бекем позициябызды билдиребиз;
Мамлекеттер аралык жаңжалдар менен талаштарды саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу чечүүнүн жолдорун биргелешип издөө абзел деп эсептейбиз;
2025-жылдын 1-сентябрында кабыл алынган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Тяньцзинь декларациясында баяндалган эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого багытталган демилгелерди кубаттайбыз;
Евразия континентинде узак мөөнөттүү адилеттүү тынчтыкка жетишүү үчүн анын коопсуздугу менен экономикалык жана социалдык-гуманитардык өнүгүүсүнүн ажырагыс байланышын эске алуу аркылуу күч-аракеттерди топтоого чакырабыз.