Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Аймактардан баш тартышы керек". Германияда Зеленскийге чакырык ташталды

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин аймактаран баш тартууга макул болушу сүйлөшүүгө негиз болуп берет, башка аргасы жок. Бул тууралуу Der Tagesspiegel жазганын РИА Новости кабарлады.
"Бардык тарабы туңгуюк, сүйлөшүүгө азыр отурушу керек", — деп жазган автор.
Макалада Зеленскийдин сүйлөшүүдөгү позициясы коррупциялык жаңжалдан жана улам бир конуштан ажырап жаткан фронттогу абалдан улам кыйла начарлап кеткени айтылат. Буга аскер адамдарынын кайрат-деми азайып, согуш талаасынан качкандардын көбөйүшү кошулган.
Автор эгер Зеленский сүйлөшүүдөн баш тартса, жалгыз Европанын гана жардамына үмүт арта аларын белгилеген. Бул жаңжалдын уланышын шарттап, Киевди ого бетер алсыратып, сүйлөшүү позициясын начарлатары айтылды.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков фронттогу алешемдиктер Украинаны сүйлөшүүнү суздуктурбай баштоого түртүшү керек деген пикирде. Ал эми Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украин бөлүктөрү чоң жоготууга учурап, согуша турган алы калбай баратканын белгилеген.
Россия президенти Владимир Путин India Today менен маектешип жатып, Киев азыр көзөмөлдөп жаткан аймактар акыры күч менен бошотуларын, же украин армиясы ал жактардан чыгып кетиши керектигин айткан.
Трамптын Путинге берген жообу Батышта дүрбөлөң жаратууда