БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. ЕЭК кеңеши Кыргызстан катышкан алгачкы кооперациялык долбоорго субсидия берүүнү жактырды.
Ага ылайык, системалык блоктордун корпустарын Кыргызстан, Россия жана Беларусь биргелешип чыгарат. Өндүрүш үчүн алынган насыя пайызынын бир бөлүгүн мамлекет төлөп берет.
Буга чейин Экономика министрлиги Кыргызстан жыл сайын болжол менен 170 миң системдик блок корпусун буйрутма кыларын билдирген. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 600 миллион рублди түзөт.