БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо эл аралык укук нормаларына шайкеш өттү. Бул тууралуу РФ Мамлекеттик Думасынын жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Вячеслав Володин айтканын РИА Новости жазды.
"Шайлоо улуттук мыйзамга жана эл аралык добуш берүү укугуна ылайык өттү. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жалпы жыйынтыкка таасир эте турган мыйзам бузуу аныкташкан жок. Мындан улам парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүп алган кыргызстандык кесиптештерибизди куттуктайбыз", — деди Володин ЖККУ ПАнын пленардык жыйынында.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 30-ноябрь күнү мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Бул жолкусунда жаңы система иштеп, өлкө аймагы жалпы 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланып келген Өлкө парламентиндеги 90 орун үчүн 460 киши ат салышты. 4,3 миллион адам добуш берүү укугуна ээ болуп, соңунда шайлоого элдин 36,9 пайызы келгени маалым болду.