Улуттук банк "Тушоо кесүү" күмүш коллекциялык монетасын сатыкка чыгарды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы "Кыргыз каада-салттары жана ырым-жырымдары" сериясындагы "Тушоо кесүү" күмүш коллекциялык монетасы чыгарылганын жарыялады.
Ага бутундагы ала жип кесилгенден кийин алгачкы кадамдарды жасап жаткан баланын сүрөтү чегилген. Наристенин сол тарабында ата-энеси, оң жагында боз үй менен тушоо кесүүдө чуркаган балдар көрсөтүлгөн.
Тыйындын арткы бетине ийрилген жип менен курчалган Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. Анын жогорку бөлүгүнөн канат жайып алдыга умтулган калпакчан баланын образын көрүүгө болот.
Монетаны тегерете "Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" деген жазуу түшүрүлгөн. Ал эми төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2025) көрсөтүлгөн. Салмагы 28,3 граммды түзгөн тыйындын баасы — 6 940 сом.
Кыргызстанда сом менен которулган акчадан комиссия албоо мөөнөтү узарды