БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан имараттын үчүнчү кабатын буздурууну тапшырды.
Мэр Ташиевге долбоор боюнча имарат эки кабаттуу болушу керектигин, бирок үчүнчү кабаты кошулуп калганын билдирди. Ал эми курулуштун жетекчиси Нариман Түлеев өрт коопсуздугун камсыздаган пункт керек болгону үчүн ушундай болуп калганын айтты.
"Үчүнчү кабатты ар кандай шылтоо менен кошуп алыптырсыз. Эл туура эле сындап жатат. Эл сындабаса үч эмес, беш кабат кылмаксыз, жолду дагы кичирейтмексиз... Долбоор биринчи кезекте элге жаксын, элге жакпаса анын эмне кереги бар? Алган кредитиңизди туура пайдаланыңыз. Анан эртең же ишиңиз бүтпөй, же насыяңыз төлөнбөй же элге жакпай орто жолдо калбаңыз. Эл ыраазы болбосо, сиз эч качан ыраазы болбойсуз", — деди Ташиев.
Ал ошондой эле мэрге долбоорду кагазда жазылгандай кылып аткаруу керектигин айтып, тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.
УКМК төрагасы жолдун кууш болуп калган жерин дагы түз кылып оңдоону тапшырган.