Таиланд менен Камбоджанын чек арасында аскердик кагылышуу жүрүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Таиланд менен Камбоджанын чек арасында аскердик кагылышуу жүрүп жатканын Khaosod порталына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Армия чек араны бойлой аскердик кагылышуу болуп жатканын кабарлады, бир аскер кызматкери каза таап, төртөө жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Камбоджа Анупонг аскердик базасына чабуул койгону айтылган. Андан бир таиланддык жоокер көз жумуп, эки киши жарадар болгон. Бангкок жооп кайтаруу үчүн асманга F-16 истребителдерин көтөргөн.

Соңку маалымат

Таиланддын аскер адамдарынын айтымында, Камбоджа Бурирам провинциясындагы жай тургундарга BМ-21 ракеталары менен сокку урган;
чек арага жакын жайгашкан төрт региондон калктын 70 пайызы эвакуацияланды;
убактылуу баш калкалоочу жайда 35 миңден ашуун адам жашап жатат;
эвакуация маалында бир адам каза болгон;
Камбоджанын сенат башчысы Хун Сен Бангкок өлкө аймагын кечээтен бери куралдын бардык түрү менен аткылап жатканын билдирди.

Абалдын курчушу

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тиреши май айында башталган, 24-29-июль күндөрү оор техника, артиллерия жана авиация колдонулган.
Натыйжада АКШ, Кытай жана Малайзиянын ортомчулугу менен жаңжал токтогон. Куала-Лумпур быйыл Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясында (АСЕАН) төрага.
Октябрдын соңунда Таиланд менен Камбоджанын лидерлери АСЕАН Малайзияданын борбор калаасында саммитте жаңжалды жөнгө салуу боюнча декларацияга кол коюшкан.
Пакистан менен Афганстан Дохада сүйлөшүп, атышууну тез арада токтотууну макулдашты