Кыргызстан менен Индиянын ортосунда түз аба каттамы ишке кирди

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Дели — Бишкек — Дели багыты боюнча каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара 7-декабрда Индира Ганди айтындагы эл аралык аэропортто өткөн. Ага Индиядагы элчи Аскар Бешимовдун катышканы айтылды.
"Каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө, ишкердик жана туристтик сапарларды жеңилдетүүдө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду", — дешти министрликтен.
Каттам Tez Jet компаниясы тарабынан аптасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат.
Кышкы туризм үчүн Алматы менен Караколду байланыштырган авиакаттам жанданат