БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Киши өлтүрүү, аткезчилик жана каракчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Муса каймана аты менен белгилүү 48 жаштагы Г.М. аттуу жаран кылмыштуу топ түзүп, 2012-жылдан бери Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында каракчылык менен алектенип келген.
"Топ, мындан тышкары, аткезчиликке аралашып, баңгизат жана товарларды ташып жүргөн. Ошондой эле Баткен аркылуу уурдалган унааларды Тажикстанга сатканы аныкталган. 2014-жылы Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине тоногону кирип, эки кишини бычактап кетишкен. Жабыркагандардын бири ооруканада каза болгон", — деп айтылат кабарда.
Уюмдун 41 жана 33 жаштагы мүчөлөрү дагы кармалып, алардан колго жасалган курал-жарак табылган.