Кадамжайда үрөй учурган жол кырсыгы болуп, бир бүлөдөн үч киши каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кадамжайда эки автоунаа кагышып, үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБи билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Ош — Раззаков жолунда болгон.
"Daewoo Tico унаасынын Н.Д. аттуу айдоочусу түндүктөн түштүккө карай бараткан маалда каршы тилкеге чыккан пикап Ford менен кагышкан. Анын кесепетинен 38 жаштагы Х.Н. жана анын 16 жаштагы Ю.М. аттуу кызы мүрт кеткен. Ал эми аялдын рулда бараткан жолдошу Д.Н. ооруканага жетпей тез жардам унаасында каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголуп, Ford унаасынын Т.Т. аттуу 35 жаштагы айдоочусу Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Баткен: айдоочу сүзүп алып, машинасына салып кеткен кишинин сөөгү эртеси табылды