БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандар үч күндүн ичинде мурда иштеген жериндеги ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу БШК эскертти.
Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, парламент депутаттары бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды ээлей албай турганын белгиледи. Ошондой эле ишкердик менен алектенүүгө, коммерциялык уюмдардын жетекчи кызматтарына же байкоочу кеңештерине кирүүгө тыюу салынат.
БШК бул талап белгиленген мөөнөттө аткарылбаса депутаттык мандат тизмедеги кийинки талапкерге берилерин белгиледи.