БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардын кеңейип, аталыштар кайталанып жаткандыктан көчөлөрдү кайра атоо долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Долбоордун негиздемесине караганда, борбордогу көчөлөрдүн кыйла бөлүгү этап-этап менен көп жылдар аралыгында түзүлгөн. Мындан улам бир эле багытта бир нече аталыш пайда болуп кеткен.
Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкекке жаңы конуштар кошулуп, натыйжада кээ бир көчөлөргө өзүнүн аталышы бар башка көчө уланып калган учурлар дагы кездешет.
Буга байланыштуу көчөлөрдү төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталууда:
Михаил Фрунзе көчөсүн (Новопавловка), Дэн Сяопин проспектин, Чүй проспектин жана Шабдан баатыр проспектин Чүй проспектине;
7-апрель көчөсүн Курманжан Датка көчөсүнө;
Жайыл баатыр жана Кайыков көчөлөрүн, Абсамат Масалиев проспектин, Аалы Токомбаев проспектин Токомбаев проспектине;
Анварбек Чортеков, Кривоносов көчөлөрүн Абсамат Масалиев көчөсүнө;
Лев Толстой көчөсүн, Путепроводнаяны, Сары Өзөндү, Лев Толстойду Шабдан баатыр көчөсүнө;
Чыңгыз Айтматов проспектин, Манас көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектине;
Жаш Гвардия проспектин, Махатма Ганди көчөсүн Иманалы Айдарбеков көчөсүнө;
Селекционная жана Муромская көчөлөрүн Махатма Ганди көчөсүнө;
Юлиус Фучик көчөсүн жана Васильевский трактты Манас көчөсүнө;
Жибек Жолу проспектин, Жеңиш проспектин Жибек Жолу проспектине;
Максим Горький, Анкара көчөлөрүн Анкара көчөсүнө;
Чалагыз Иманкулов көчөсү менен Карыбек Тыналиев көчөсүн Тыналиев көчөсүнө;
Байтик баатыр көчөсүн, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов, Борбордук көчөлөрүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө;
Береговая, Окраинная, Көк-Сай, Курманалиев, Набережная, Береговая көчөлөрүн Дэн Сяопин көчөсүнө;
Виноградная көчөсүн Лев Толстой көчөсүнө;
Гоголь көчөсүн (Новопавловка) Чалагыз Иманкулов көчөсүнө;
Ленский жана Юбилейный көчөлөрүн Жайыл баатыр көчөсүнө.