Бишкекте хоккей боюнча "Жеңиш кубогу" эл аралык турнири өттү.
Таймашка кыргызстандык, россиялык жана казакстандык хоккей сүйүүчүлөрү менен ардагерлери катышты. Турнир эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, спортту жайылтууга жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүүгө багытталган жолдоштук беттеш форматында өттү.
Турнирде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын командасы чемпион болсо, экинчи орунду "Каракол GO" жамааты ээледи. Ал эми коло медалга "Нарын шумкарлары" татыды.
Тема боюнча: